Редакцияот 28.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын отуруму

 

2024-жылдын 28-июну № 31/11

“Кулунду айыл аймагы боюнча кылкандуу дан эгиндерди жана тоют чөптөрдү оруп жыйноо боюнча техника бааларын бекитүү жөнүндө”

            Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап,  Кулунду айыл өкмөтүнүн Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын жана Кулунду айылдык кеңешинин Финансы-экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары депутат К. Айтбаевдин баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңештин кезектеги 31-сессиясынын №31/1-протоколунун чечиминин 2-бөлүмүнүн 13 -пунктунун негизинде 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айыл аймагындагы 2024-жылга карата кылкандуу дан эгиндерди, мал тоют чөптөрдү оруп жыйноо боюнча бардык жеке жана айыл өкмөттүн балансындагы техникаларынын баалары белгиленген таблицасы жактырылсын жана таблицада көрсөтүлгөндөй болуп бекитилсин (тиркеме тиркелет).
  2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин Финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.А.Досов

 

 

Тиркеме

 

 

 

Комбайндын 1 га жер үчүн кызмат акысы

 

 

Суулуу жер

Кайрак жер

Беде

1

Солярка

20 л х 75 с=1500 сом

16 л х 75=1200 сом

1 га х 3000 сом

2

Эмгек акы

1 га х 2000 сом

1 га х 1800 сом

 

3

Бардыгы

3500

3000 сом

1 даана беде таңгактоо  22 сом

 

 

 

Жер адиси А. Маликов