КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын отуруму
2024-жылдын 28-июну № 31/12
“Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө”
Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Кулунду айыл өкмөтүнүн Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын жана Кулунду айылдык кеңешинин Финансы-экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары депутат К. Айтбаевдин баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №146-токтомунун жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 05-майындагы №60 “Укук бузууулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамынын 10 беренесине жана 12-беренесинин 4,6--пунктуларына ылайык Кулунду айылдык кеңештин кезектеги 31-сессиясынын №31/1-протоколунун чечиминин 2-бөлүмүнүн 14, 15, 16, 17, 18,19 -пункттарынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чек ара аскер кызматынын имаратынын үстүн жабуу үчүн 200 (эки жүз) даана шифер – 100000 (жүз миң) сом акча каражаты үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен бөлүнүп, статьядан статьяга жылдырылып берилсин.
- Кулунду өрөөнүнүнүн түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына китеп чыгаруу 100дөн (жүздөн) кем эмес экземпляр басып чыгарууга – 300 000 (үч жүз миң) сом үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен бөлүнүп, статьядан статьяга жылдырылып берилсин жана Илимий-техникалык топ түзүлүп, курамына Кулунду айылдык кеңешинин депутаттарынан киргизилсин.
- Кулунду айылдык кеңештин төрагасына, Кулунду айыл өкмөт башчысына жана ички иштер бөлүмүнө планшет – алууга 40 000 (кырк миң) сомдон 120 000 (жүз жыйырма миң) сом үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен бөлүнүп, статьядан статьяга жылдырылып берилсин.
- Нотариуска жана айылдарга орнотулган видео көзөмөлгө интернет блок үчүн кабелдерди орнотуу акысына 65000 (алтымыш беш миң) сом үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен бөлүнүп, статьядан статьяга жылдырылып берилсин.
- Кулунду чыгыш айылынын көчөлөрүнө 60 даана жарыктандырууга кошумча түшкөн акча каражаттар эсебинен бөлүнүп берилсин.
- Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата Кулунду айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жана айылдык кеңештин депутаттарына 60000 (алтымыш миң) сом үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен бөлүнүп, статьядан статьяга жылдырылып берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |