Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 32-сессиясынын отуруму

 

2024-жылдын 30-июлу № 32/4

 

“Кулунду айыл аймагынан жерлерди ажыратып берүү жөнүндө”

 

Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси   А. Маликовдун маалыматын угуп, Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги  32-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап, №32/1-протоколунун чечиминин  5-пунктунун негизинде 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Чек ара кызматына темир байкоо мунарасын куруу үчүн Ак-арык айылынын түндүк тарабында жайгашкан концерва завод тарабынан айыл чарба катары пайдаланылбай турган жердин 300,0 чарчы метр жерин ажыратып берүүгө макулдук берилсин.  
  2. Токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин. 
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин  Жер, агрардык маселелер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.А.Досов