Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 32-сессиясынын отуруму

 

2024-жылдын 20-июлу № 32/5

 

  “Кулунду айыл аймагынан жерлерди ижарага берүү жөнүндө”

 

Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси   А. Маликовдун маалыматын угуп, Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги  32-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап, №32/1-протоколунун чечиминин  6-пунктунун негизинде 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кулунду айыл аймагынын Кулунду айылынын борборундагы Гапаров Султанбектин жеке менчик соода түйүнүнүн жер участогунун жанынан 28,0 чарчы метр жерин жеңил типтеги тепкич (лестница) куруу үчүн жана гүл өстүрүп көрктөндүрүү максатында ижарага берүүгө макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин. 
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин  Жер, агрардык маселелер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.А.Досов