Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 32-сессиясынын отуруму

 

2024-жылдын 30-июлу № 32/8

 “Кулунду айыл Өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен акча

каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө”

                    Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. К. Ташбалтаевдин сунушу менен жана Ө. К. Ташбалтаевдин баяндамасын угуп, Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын 24-февралындагы кезектеги №17-сессиясынын №17/11 токтомунун жана Кулунду айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 32-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап, №32/1-протоколунун чечиминин 9-пунктунун негизинде 

  ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айыл аймагынын Кулунду айылынын Ниязматов көчөсүнүн тушундагы №158 контурунан мурда ижарага алган бак ээлерине ижара жерге кеткен бардык чыгымдарды көз карандысыз ЖЧК “Капитал-Ист” юридикалык баалоо компаниясынын корутундусунун негизинде белгиленген 203200 (эки жүз үч миң эки жүз) сом компенсация Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча тушкөн акча каражаттардын эсебинен төлөнүп берилсин. 
  2. Токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин. 
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

А.А.Досов