КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 32-сессиясынын отуруму
2024-жылдын 30-июлу № 32/9
“Кулунду айыл Өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен акча
каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө”
Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. К. Ташбалтаевдин сунушу менен жана Ө. К. Ташбалтаевдин баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 32-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, №32/1-протоколунун чечиминин 10-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2024-жылдын 1-сентябрь жаңы окуу күнүнө карата мектеп окуучуларына атайын каттамдарды жандандырып, даярдыктарды көрүү максатында Кулунду айыл өкмөтүнүн балансындагы микро автобустун моторун ремонттоо үчүн Кулунду айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттар эсебинен 65000 (алтымыш беш миң) сом бөлүнүп берилсин.
- Токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.А.Досов |