Редакцияот 25.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

 Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 15-июлу №46                                

 

Жалпы айыл аймактагы жардамга муктаж болгон тургундарына

материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

          Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиясынын  сунушун жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп, талкуулап,  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

1. Оор операцияларга, трансплантацияга, органдарын алмаштырууга жардам сурагандарга 20 000 (жыйырма миӊ) сомдон ашпаган акча каражатын бѳлүп берүүгө чек коюлсун.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке жүктөлсүн.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиясынатапшырылсын.

 

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов

 

Жооптуу катчы                                                                                   М.Б. Эсеналиева