Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 34-сессиясынын отуруму

 

2024-жылдын 30-августу № 34/2

“Кулунду айыл аймагынан “Кайрагач” чек ара заставасына жер

ажыратып берүү  жөнүндө”

 

   Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги                              34-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап,                    №34/1-протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 1-пунктунун  негизинде 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кулунду айыл аймагынын Кайрагач участкасындагы “Кайрагач” чек ара заставасындагы өздүк курамынын жашоо шартын жакшыртуу жана чек араны кайтарууга шарт түзүп берүү үчүн 0,40 га жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2.    Токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.  

Төрага

А.А.Досов