Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 34-сессиясынын отуруму

 

2024-жылдын 30-августу № 34/4

“Кулунду айыл аймагындагы жерлерди бир багыттан

экинчи бир багытка которуу (трансформациялоо),

программасын бекитип берүү  жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесинин жана Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси   А. Дехкановдун маалыматын угуп, Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги  34-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап, №34/1-протоколунун чечиминин                        1-бөлүмүнүн 3-пунктунун негизинде 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айыл аймагынын Ак-Арык айылынын түндүк тарабынан №982 контурунан 15,0 га жайыт жерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин жана мисте эгип колдонуу үчүн программасы бекитилип берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин. 
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

А.А.Досов