КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 34-сессиясынын отуруму
2024-жылдын 30-августу № 34/7
“Кулунду айыл аймагындагы дүкөндөргө иштөө тартибин
киргизүү жөнүндө”
Кулунду айылдык кеңешинин депутаты Т. Абдираимовдун сунушуну угуп, Кулунду айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 34-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, №34/1-протоколунун чечиминин 3-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнүн негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айыл аймагы боюнча спирт ичимдиктерин түнкү саат 22:00дон тартып эрте мененки саат 10:00 го чейин сатууга тыюу салынсын.
2. Спирт ичимдиктерин сатуу эрежесин бузгандарга мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына жана Кулунду айыл аймагынын милиция башкармалыгына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, коомдук тартип жана граждандык укукту коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |