Редакцияот 19.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги XII сессиясы

 

 

2023-жылдын 19-апрели № 12/2

 

Айыл аймагындагы жашаган калктын малдарын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жана жалпы эпизоотиялык абалды көзөмөлгө алуу боюнча айыл өкмөтүнүн, ветеринардык сервистердин 2022-жылы жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө» жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктуна, айылдык Кеңештин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна ылайык айыл аймагындагы жашаган калктын малдарын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жана жалпы эпизоотиялык абалды көзөмөлгө алуу боюнча айыл өкмөтүнүн, ветеринардык сервистердин 2022-жылы жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн мал чарбасы, ветеринария боюнча башкы адиси Т.Ташматовдун маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши токтом кылат:

1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы жашаган калктын малдарын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жана жалпы эпизоотиялык абалды көзөмөлгө алуу боюнча айыл өкмөтүнүн, ветеринардык сервистердин 2022-жылы жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктери менен канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. Ылай-Талаа айыл аймагынын калкынын мал-жандыктарын сапаттуу вакцина менен эмдөө, кетирилген кемчиликтерди четтетүүжана малдан адамга жугуучу, малдардын арасында жугуштуу ооруулардын тарапкетпешине дайыма көзөмөл жүргүзүү, жолбун иттерди жок кылуу, кара малдарды идентификациялоо, жылкыларга чип басуу боюнча иштерди аягына чыгаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго жана мал чарбасы, ветеринария боюнча башкы адиси Т.Ташматовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы М.Исабаев) тапшырылсын.

Төрага

А.Кадамбаева