Редакцияот 23.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2024-жылдын 23-августу № 82

Баткен шаарынын   Кызыл-Жол  аймагындагы Суу-Бою участкасынан  2,0 га  жер аянты “көрүстөн үчүн” негизги көрүстөнгө  кошуп  берүүгө

макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы  №123  Мыйзамынын 27-беренесинин 1,5 –пунктуна, Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 22-август №02-6/554  катына жана Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын  2024-жылдын 21-августагы  корутундусунун  негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIIчакырылышынын кезектеги   XXVII сессиясы Токтом кылат:

 

1.Баткен шаарынын   Кызыл-Жол  аймагындагы Суу-Бою участкасынан  2,0 га  жер аянты “көрүстөн үчүн” негизги көрүстөнгө  кошуп  берүүгө макулдук берилсин

2.Жер аянтына  тиешелүү болгон иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын

3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин

4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү  үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.

 

Төрага

А.Аширов