Редакцияот 23.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2024-жылдын 23-августу № 84

Баткен шаарынын Чет-Булак аймагындагы 3,50 га өчөмүндөгү социалдык, муниципалдык жана турмуш-тиричилик багытындагы муниципалдык жер аянтынын  эскиздик башкы  планын бекитүүгө  макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы  №123  Мыйзамынын 27-беренесинин 1,5 –пунктуна, Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 19-августагы №01-13/3220 катына жана  Баткен шаардык Кеңешинин  Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 21-августагы  корутундусунун  негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги   XXVII сессиясы Токтом кылат:

 

1. Баткен шаарынын   Чет-Булак аймагындагы 3,50 га өлчөмүндөгү социалдык, муниципалдык жана турмуш-тиричилик багытындагы муниципалдык жер аянтына түзүлгөн эскиздик башкы планын бекитүүгө макулдук берилсин (план тиркелет)

2.Чет-Булак  аймагындагы 3,50 га жер аянтын долбоорго ылайык максаттуу пайдалануу жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын

3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү  үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.

Төрага

А.Аширов