Редакцияот 23.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2024-жылдын 23-августу № 88

Баткен шаарынын  аймагында булганыч суулар системасын жана булганыч суулар топтолгон жай үчүн долбоорго макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы  №123  Мыйзамынын 27-беренесинин 11–пунктуна, Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 01-13/3360 катына жана  Баткен шаардык Кеңешинин  Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 21-августагы  корутундусунун  негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги   XXVII сессиясы Токтом кылат:

 

1.Баткен шаарынын   аймагында республикалык бюджеттин каржылоосу менен булганыч суулар системасын жана булганыч суулар топтолгон жай үчүн долбоорго макулдук берилсин.

2.Жер аянтына  тиешелүү болгон иш кагаздарын жүргүзүү жагы Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын

3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү  үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Абдамитов Н/ тапшырылсын.

Төрага

А.Аширов