Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XV сессиясы

 

2024-жылдын 13-cентябры № 49

Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынын көчөлөрүн атын өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобосунун төртүнчү пунктун негиз кылып,      Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынын депутатты Дастанбек Эркинов  Рават айылынын Колтук-2 көчөсүнүн жашоочуларынын чогулушунда Колтук-2 көчөсүн Абдилла Мажитов атына алмаштыруу боюнча чогулуштун протоколунун чечими боюнча билдирүүсүн, Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылшынын кезектеги XXV сессиясынын жүрүшүндө каралып көчөнүн атын алмаштырууга макулдук берилген, жогоруда айтылган сессиянын жүрүшүн угуп талкуулап карап чыгып      Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин  VI чакырылышынын кезексиз XV сессиясы Токтом кылат

 

  1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынын  Колтук-2 көчөсү, Абдилла Мажитов  көчөсү болуп өзгөрүлсүн.
  1. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовго жүктөлсүн.

3.    Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.

4.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага:

 

Ысаков С.Б.