Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXXI-сессиясы

 

2024-жылдын 5-сентябры № 83

Кара-Булак айыл аймагы менен Суу-Башы айыл аймагын бириктирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана регионду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жөнүндөгү” ПЖ № 350 Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамынын 12-беренесине ылайык жана Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 01-27/ 1245 сандуу катынын жана Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 665 сандуу катын карап чыгып, талкуулап Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

1.    Кара-Булак айыл аймагы менен Суу-Башы айыл аймагын бириктирүүгө макулдук берилсин.

2.    Бириктирилген айыл өкмөттөрдүн борбору Бужум айылы болуп, мындан ары Суу-Башы айыл аймагы деп атоого макулдук берилсин.

3.    Кара-Булак айылдык кеңешинин төрагасына жана Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына схемалык картага кол коюу жагы тапшырылсын.

4.    Ушул токтомдун көчүрмөсү Баткен районунун мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

5.    Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

6.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

К.Шакиров