КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXXII-сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 84
Кара-Булак айылдык кеңешинин “ Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылынын жаштарына турак жай куруу үчүн жер ажыратып берүү” жөнүндөгү 2017-жылдын 18-майындагы № 23 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” № 145-Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 710 сандуу чыгыш катынын негизинде, Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылынын элдерине жеке менчик турак жай куруу үчүн жер аянтын берүү максатында, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн (мурдагы “Москва” колхозунун 1992-жылдын февраль айындагы № 5800, шифр № 733 инвентаризациялоо материалына) ылайык суралган жалпы аянты 120 га анын ичинен: № 324-контурунда жайгашкан 22,0 га таштуу жайыт жер аянты, № 906-контурунда жайгашкан 37,5 га таштуу жайыт жер аянты, № 903-контурунда жайгашкан 0,50 таштуу жайыт жер аянты, № 902-контурунда жайгашкан 13,3 га таштуу жайыт жер аянты, № 896-контурунда жайгашкан 40,8 га таштуу жайыт жер аянты, № 897-контурунда жайгашкан 6,0 га таштуу жайыт жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан,“Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | И.Тилеков |