КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXXII-сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 85
“Бужун” гимназия-мектебин кайра атоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы “Кыргыз Республикасында жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” № 519 токтомун жетекчиликке алып,”Бужун” гимназия-мектебинин директору Бурханова Бүүмайрам Жолдошовнанын 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 15 сандуу сунуш катын карап жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
- “Бужун” гимназия-мектебинин гимназия статусу жоюлгандыгына байланыштуу, Бужун орто мектеби деп атоого макулдук берилсин.
- Жаңыдан курулуп жаткан мектеп имараты бүткөндөн кийин Бужум орто мектебин аталган имаратка которууга макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | И.Тилеков |