Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXXII-сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры № 86

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлгөн 2023- жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына карата шайкештик аудиттин жыйынтыгы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 01-8/67 сандуу катынын негизинде, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлгөн 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына карата шайкештик аудиттин жыйынтыгын карап жана талкуулап чыгып Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык, 19,6 миң сомго киреше салыгын жана СФ камсыздандыруу төлөмдөрүнө 21,8 миң сом акча каражаттары тийиштүү бюджетке которулгандыгы белгиленсин.
  1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мисиралиевке жана айыл өкмөтүнүн Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Эрматовго каржы жана башка бузууларга жол бербөө жагы милдеттендирилсин.
  1. Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

И.Тилеков