Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXXII-сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры № 87

Кара-Булак айылына таштанды таштоочу жайга жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 751 сандуу катынын негизинде Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси Сами уулу Жыргалдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кара-Булак айылынын Кеп-Таш участкасынан Кара-Булак айылына таштанды таштоочу жайга 3,0 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
  1.  Ушул токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  1. Токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

И.Тилеков