Редакцияот 19.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги XII сессиясы

 

 

2023-жылдын 19-апрели № 12/4

 

Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Сары-Таш айылынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү ”Мыйзамынын 1-главасынын 18-беренесинин 2-пунктун, 2-главасынын 27-беренесиндеги 1.1- “Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жана 1.4 - “Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу” пункттарын жетекчиликке алып Ылай-Талаа айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Ылай-Талаа айыл аймагына караштуу Сары-Таш айылын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу маселеси долбоор аркылуу Эл аралык “АССАФА” кайрымдуулук фондуна сунушталсын.

2. Долбоордук документтерди даярдап тиешелүү жактарга сунуштоо жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы М.Исабаев) тапшырылсын.

 

  

Төрага

А.Кадамбаева