Редакцияот 10.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2022-жылдын 10-августу № 5

“Күмүштак” өзөнүндөгү № 945 жайыт жерлер категориясына тиешелүү жер аянтына кум-шагыл чыгаруучу ишкана курууга макулдук берүү жөнүндө

“Күмүштак”өзөнүндөгү № 945 жайыт жерлер категориясына тиешелүү жер аянтына кум-шагыл чыгаруучу ишкана куруу боюнча Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовдун жогорудагы жайыт жер аянтын которуу(трансформациялоо) жөнүндөгү билдирүүсүн угуп,талкуулап депутаттардын Ленинполь айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 8- кезексиз сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Күмүштак” өзөнүндөгү жайыт жерлер категориясына караштуу № 945-контурундагы 0.50 га жер аянтына кум-шагыл ишкана куруу үчүн которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.  Аталган жер аянтын которуу (трансформациялоо) жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага:

К.Атантаев