Редакцияот 26.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 15-июлу №51                                                                             

 

Кара-Коо айылындагы №8 мектепке чейинки билим берүү уюмуна

 кошумча дагы бир тайпа ачуу жөнүндө

           Кара-Коо айылынын №8 мектепке чейинки билим берүү уюмунун башчысы                       Ж.Алюлдаеванын кайрылуусунун негизинде,Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиясынын  сунушун угуп жана талкуулап,  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

1. Кара-Коо айылындагы №8 мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча дагы бир тайпа ачууга  350  (үч жүз элүү миң) сом акча каражаты каралсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р. Молдобаевага  тапшырылсын.

 

 

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов

 

Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева