Редакцияот 26.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

 Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 15-июлу №58                                                                             

 

Бар-Булак  Пансионатындагы ижарага берилген жерге саркынды суу тазалоочу курулмасын куруу үчүн 0,02 га жер тилкесин бѳлүп берүү жөнүндө

            Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап,  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

1. Бар-Булак  Пансионатындагы ижарага берилген жерге саркынды суу тазалоочу курулмасын куруу үчүн 0,02 га жер тилкесин бѳлүп берүүгѳ макулдук берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Зарнаев Жыргалбек Жакшылыковичке жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.

 

 

 

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов

 

Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева