Редакцияот 26.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

 Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 15-июлу №60                                                                             

 

Жогорку сотто каралып жаткан Бар-Булак Пансионаттын иши боюнча 85 000 (сексен беш миӊ) сом мамлекеттик тѳлѳмдү (гос.пошлина) тѳлѳгѳнгѳ   акча каражатын бѳлүп берүү жөнүндө

           Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин депутаты Эркинбек уулу Султандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

1. Жогорку сотто каралып жаткан Бар-Булак Пансионаттын иши боюнча 85 000  (сексен беш миӊ) сом мамлекеттик тѳлѳмдү (гос.пошлина) тѳлѳгѳнгѳ  бюджеттен акча каражаты бѳлүнүп берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р. Молдобаевага  тапшырылсын.

 

 

 

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов

 

Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева