Редакцияот 26.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

 Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 15-июлу № 62                                                                            

          Ала-Баш айылындагы М.Кидибаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин башчысы Р.Эсенкановдун арызы жөнүндө

        

          Ала-Баш айылындагы М.Кидибаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин башчысы Р.Эсенкановдун арызынын негизинде,Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап,  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

1. Ала-Баш айылындагы М.Кидибаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин карамагындагы кыска мѳѳнѳттүү (3 сааттык) бала бакчанын сырткы оюн аянтчасын (кв метр 17х13=221) темир профилдер менен коруп берүү жагы  жыл башында мектептерге каралган акча каражатынан каралсын.

2. Токтомдун аткарылышын Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р.А.Молдобаевага  тапшырылсын.

 

 

 

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов

 

Жооптуу катчы                                                                                   М.Б. Эсеналиева