Редакцияот 25.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2022-жылдын 25-октябры № 2

Жаңы салынып бүткөн Бакай-Ата жана Наматбек айылдарындагы ФАП тардын ачылышын өткөрүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Жаңы салынып бүткөн Бакай-Ата жана Наматбек айылдарындагы ФАП тардын ачылышын өткөрүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө маселени карап чыгып,талкуулап депутаттардын Ленинполь айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 12-кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жаңы салынып бүткөн Бакай-Ата жана Наматбек айылдарындагы ФАП тардын ачылышын өткөрүүгө 50.000(элүү миң) сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнсүн.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.

 

Төрага:

К.Атантаев