Редакцияот 26.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы

 

 

2024-жылдын 15-июлу №66                                                                             

 

Ак-Терек айыл ѳкмѳттѳ жасалып жаткан иш-чараларды жергиликтүү элге жеткирүү үчүн веб-сайтын ачуу жөнүндө

        

          Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №59 тескемесинин негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап,  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №59 тескемесин аткаруу максатында, айыл ѳкмѳттѳ жасалып жаткан иш-чараларды жергиликтүү элге жеткирүү үчүн жана так маалымат берип турууга, веб-сайтын ачууга жергиликтүү бюджеттен 50 000 (элүү миӊ) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р. Молдобаевага  тапшырылсын.

 

 

 

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов

 

Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева