Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 13-сентябры №44/163

“Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө

 

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын                 2024-жылдын 12-сентябрындагы №75 протоколун  эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  кылат:

 

  1. “Кызыл-Кыя жылуулук” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиктерибекитилсин (тиркелет).
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

Ж.Калматов