Редакцияот 26.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

 Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII чакырылышындагы VI кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 15-июлу №76                                                                           

 

 

Ак-Терек айыл аймагынын Кара-Коо айылындагы “Стан”  уч. жайгашкан жер аянттарын  калктуу конушка которуу жөнүндө

           Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиясынынсунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

1. Ак-Терек айыл аймагынын Кара-Коо жана Дѳӊ-Талаа авто жол жээгинен күн чыгыш жана күн батыш тарабындагы “Стан” участкасында жайгашкан жалпы аянты 70 га жана Бар-Булак айылынан күн батыш тарабынан жалпы аянты 29 га жер аянттарын  калктуу конушка которууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун  аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысы  Ж.Ж. Зарнаевге жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын  жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу  комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага милдеттендирилсин.

 

 

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов

 

Жооптуу катчы                                                                                   М.Б. Эсеналиева