Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 13-сентябры №44/177

Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын резерв курамын

толуктоо жөнүндө

 

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат,  религия (диний)  жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын           12-сентябрындагы №39 протоколун  эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  кылат:

 

  1. Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Шамши уулу Сражидин  киргизилсин.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат,  религия (диний)  жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

Ж.Калматов