Редакцияот 11.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXХ чакырылышынын XX сессиясы

 

2024-жылдын 11-сентябрындагы  № 6

 

Чаек айыл өкмөтүнүн М.Алыбаев көчөсүндөгү эркин күрөш залын Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт департаментине 5 жылдык мөөнөткө ижарага акысыз оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

 Чаек айыл өкмөтүнүн М.Алыбаев көчөсүндөгү эркин күрөш залын Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт департаментине 5 жылдык мөөнөткө ижарага акысыз оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:

1. Чаек айыл өкмөтүнүн М.Алыбаев көчөсүндөгү эркин күрөш залын Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт департаментине 5 жылдык мөөнөткө ижарага акысыз оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2.Бул  токтомдун  аткарылышын  камсыз кылуу жагы  Чаек    айыл өкмөтүнүн   башчысы Т.Кучмуратовго   жүктөлсүн

 

 

Төрага

А. Муталиев