Редакцияот 26.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

 Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII  чакырылышындагы VI  кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 15-июлу №78                                                                           

 

Жалпы Ак-Терек айыл аймагындагы “Калктуу конушка” которулган (трансформациялоо) жер аянттарынын ѳлчѳмдѳрү 0,10 га жер тилкесинен бекитип берүү  жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин “Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө жергиликтүү кеңештердин компетенциясы” 18-беренесине ылайык,Ак-Терек айыл аймагынын  жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу  комиссиясынын  сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

1. Жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча айыл ѳкмѳтү тарабынан даярдалган иш кагаздарынын негизинде, жалпы Ак-Терек айыл аймагындагы “Калктуу конушка” которулган (трансформациялоо) жер аянттарынын ѳлчѳмдѳрү 0,10 га жер тилкесинен бекитип берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси Т. Мамбетжунушовго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын  жергиликтүү кеӊешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу  комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.

 

 

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов

 

Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева