КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги 45 - сессиясы
2024-жылдын 10-сентябры № 211
Кадамжай шаарынын аймагындагы борбордук стадионду реконструкциялоого долбоор даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешишаардык мэриянын “Шаардын аймагындагыборбордук стадион муниципалдык менчикке өтүп жаткандыгына байланыштуу аны реконструкциялоого долбоор даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу” кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Шаардын аймагындагыборбордук стадионду реконструкциялоо үчүн долбоор даярдоого жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө карап акча каражаты ажыратылып берилсин.
- Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.Абдыразаков |