Редакцияот 10.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги 45 - сессиясы

2024-жылдын 10-сентябры № 213

Кадамжай шаарынын аймагындагы  № 2 балдар бакчасынын навесинин чатырын  алмаштыруу жөнүндө

Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап талкуулап чыгып, Кадамжай шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Шаардын аймагындагы № 2 балдар бакчасынын навесинин чатырын  алмаштыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин 355 000 (үч жүз элүү беш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.  

 

  1. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага:

А.Абдыразаков