Редакцияот 10.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги 45 - сессиясы

2024-жылдын 10-сентябры № 214

 Кадамжай шаарынын аймагындагы  № 1 балдар бакчасына кошумча имарат жана навес куруу жөнүндө

         

Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап талкуулап чыгып, Кадамжай шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Шаардын аймагындагы № 1 балдар бакчасына кошумча имарат жана навес курууга жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө карап акча каражаты ажыратылып берилсин.  

 

  1. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага:

А.Абдыразаков