КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги 45 - сессиясы
2024-жылдын 10-сентябры № 215
Шаардагы саркынды сууларды тазалоочу объекти ремонттоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешишаардык мэриянын “Шаардагы саркынды сууларды тазалоочу объекти ремонттоого акча каражатын бөлүп берүү тууралуу” кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Шаардагы саркынды сууларды тазалоочу объекти (Очистнойду) ремонттоого 2 300 000 (эки миллион үч жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
- Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.Абдыразаков |