КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги 45 - сессиясы
2024-жылдын 10-сентябры № 216
“Кадамжай Тазалык” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу автоунаа лизинг аркылуу сатып алуу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап талкуулап чыгып, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Кадамжай Тазалык” муниципалдык ишканасына 1 даана таштанды ташуучу автоунаа лизинг аркылуу сатып алууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.Абдыразаков |