КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги 45 - сессиясы
2024-жылдын 10-сентябры № 217
Кадамжай шаарынын аймагында муниципалдык тигүүчү цех ачуу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап талкуулап чыгып, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кадамжай шаарынын аймагында муниципалдык тигүүчү цех ачууга уруксат берилсин.
- Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.Абдыразаков |