Редакцияот 10.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги 45 - сессиясы

2024-жылдын 10-сентябры № 218

 Кадамжай шаарынын аймагында жайгашкан “Жаштык” кинотеатрын жана Ж.Мамажанов атындагы маданият сарайын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап талкуулап чыгып, Кадамжай шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кадамжай шаарынын аймагында жайгашкан “Жаштык” кинотеатрын жана Ж.Мамажанов атындагы маданият сарайын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.  

 

  1. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага:

А.Абдыразаков