Редакцияот 10.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги 45 - сессиясы

2024-жылдын 10-сентябры № 225

 Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 9-августундагы 01-06-1434 номери менен чыгышталган “Кара-Жантак участкасынан 10,28 га жер тилкесин жайыт жер категориясынан өнөр жай категориясына которуу жөнүндө” кайрылуусу

Кадамжай шаардык кеңешиКадамжайшаардык мэриясынын 2024-жылдын 9-августундагы 01-06-1434 номери менен чыгышталган “Кара-Жантак участкасынан 10,28 га жер тилкесин жайыт жер категориясынан өнөр жай категориясына которуу жөнүндө”кайрылуусун жана шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине негиз

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кара-Жантак участкасынан 10,28 га жер тилкесин жайыт жер категориясынан өнөр жай категориясына которууга макулдук берилсин.
  1. Муниципалдык менчике катталсын.  

 

  1. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага:

А.Абдыразаков