Редакцияот 10.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХVIII сессиясынын

 

2024-жылдын 10 сентябры № 38/8

 А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы ФПСтин жерлерин ижара мөөнөтү бүтүп жаткандыгына байланыштуу кайрадан аукцион аркылуу ижарага берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айыл өкмөт аймагында ФПСтин жерлеринин ижара мөөнөтү бүтүп жаткандыгына байланыштуу кайрадан ижарага берүүдө бүгүнкү күндөгү инфляцияны эске алып баштапкы баасы 16000 (он алты миң) сом, ар бир кадам 2000 (эки миң) сом деп белгиленсин.
  2. Айыл өкмөт аймагындагы 1-2- группадагы майыптыгы барларга жана өтө муктаж аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө түз келишим менен берүү жагы каралсын.

2.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба  боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

    

Төрага

 

Т.Галботоев