Редакцияот 27.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII  чакырылышындагы VII кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 12-августу №82                                                                      

Ак-Терек айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө

          Ак-Терек айыл аймагынын эмгек жамааттарынан, граждандык топтордон көрсөтүлүп  келген резервге талапкерлердин тизмесин карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

1. Ак-Терек айыл аймагынын №3228, № 3229, №3230, №3231, № 3232, №3233, №3234, №3235, №3236, №3237 шайлоо участкаларынын резервине талапкерлердин тизмеси бекитилсин.

 

2. Ушул Токтом Тоӊ аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысы Ж.Ж. Зарнаевке жүктөлсүн.

 

 

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов