Редакцияот 27.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

 Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII  чакырылышындагы VII кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 12-августу №87                                                                        

       

          Жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча сунуштама киргизүү жөнүндө

 

 

    Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн №01-9/718 чыгыш санду сунушунун  негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиясынын, Ак-Терек айыл аймагынын Кара-Коо айылынын “Стан” участкасынан №490 контурунда жайгашкан 3,30 га жер аянтынаташтанды төгүлүүчү жайына, жер аянтын “Жайыт жерлерден” башка категорияга, б.а. “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

                                                                                  

1. Ак-Терек айыл аймагынын Кара-Коо  айылынын “Стан” участкасынан №490 контурунда жайгашкан 3,30 га жер аянтын  “Жайыт жерлерден” башка категорияга, б.а. “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча  Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы                               Ж.Ж. Зарнаевке жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж. Сугатчиевага милдеттендирилсин.

 

 

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов