Редакцияот 27.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

 Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII  чакырылышындагы VII кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 12-августу №94                                                                        

 

2024-жылга айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине дыйкандардын үлүш жеринин салыгынан түшүүчү акча каражатын компенсация кылуу үчүн республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн 326,1 миӊ сомдун бѳлүнүшү жѳнүндѳ

        

          Ак-Терек айыл аймагынын ѳкмѳтүнүн 2024-жылдын бюджетине республикалык бюджеттен дыйкандардын үлүш жеринин салыгынан түшүүчү акча каражатын компенсациялоого түшкѳн 326,1 миӊ сом жѳнүндѳгү маселе боюнча, Ак-Терек айыл аймагынын социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.М. Абдыраевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.  Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн бюджетине республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн  326,1 миӊ сому Кара-Коо айылындагы №8 бала бакчага кошумча тайпа ачууга инвентарларды алууга бала бакчалардын 3112 беренесине каралсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын Ак-Терек айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Абдыраевге тапшырылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Р. Молдобаевага  милдеттендирилсин.

 

 

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов

 

Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева