Редакцияот 27.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү  кеңешинин

VII  чакырылышындагы VII кезектеги сессиясы

 

 

2024-жылдын 12-августу №95                                                                        

 

Ак-Терек айыл аймагындагы  тарыхый-маданий эстеликтердин жерлери жѳнүндѳ

 

             Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы No 412 “Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарынын объекттерин сактоону, изилдөөнү жана таанытууну камсыз кылууну мамлекеттик колдоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында,Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининмуниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын сунушунугуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

1. 1-тиркемеге ылайык Ак-Терек айыл аймагындагы  тарыхый-маданий эстеликтердин жалпы саны 13, анын ичинен жалпы Республикалык маанидеги 2, жергиликтүү мааниде 11, объектерин паспорттоштуруу максатында, Ак-Терек айыл айыл аймагындагы  тарыхый-маданий эстеликтердин жерлерине  макулдук берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынынайыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адиси Т. Мамбетжунушовго жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.

Тѳрага                                                                                                  Б.Б. Барыктабасов