Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 358 токтомуна)
Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо илимий, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону уюштуруу тартибин жөнгө салат.
2. Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча PhD/тармак боюнча докторантура, докторантура, аспирантура (адъюнктура), изденүүчүлүк аркылуу жүзөгө ашырылат.
Илимий-методикалык жетекчилик, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону контролдоо илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик адистештирилген медициналык билим берүү (ординатура, интернатура) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат. Атайын медициналык билим берүүнүн программалары боюнча илимий-методикалык жетекчилик жана даярдоону контролдоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо күндүзгү жана сырттан окуу формаларында жүзөгө ашырылат.
5. Философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктордун окумуштуулук даражасын изденип алууга илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен аныкталат.
6. Илимий кадрлар жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү лицензиясынын негизинде даярдалат. Илимий жана илимий-техникалык уюмдар (мындан ары - илимий уюмдар) жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары (мындан ары - жождор) Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык илимий кадрларды даярдоо укугун алат.
Өзгөчө статусу бар жождорго жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу үчүн лицензия алуу талап кылынбайт.
7. Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү илимий кызматкерлердин адистиктеринин номенклатурасына ылайык илимий адистиктер жана багыттар боюнча жүзөгө ашырылат.
8. Илимдин кандидаты жана илимдин доктору окумуштуулук даражалары аттестациялоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан изденүүчүнүн диссертацияны эл алдында коргоосунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган диссертациялык кеңештин өтүнүчүнүн негизинде ыйгарылат. Философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте ыйгарылат.
9. Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу укугуна Кыргыз Республикасынын жарандары, чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар ээ болот.
10. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) илимий жетекчи/консультант - окуган адамды окутуу тармагы же ага байланыштуу изилдөө тармагы боюнча окумуштуу, ал илимий ишти жетектейт, окуган адамдын окуу жана илимий-изилдөө ишинин натыйжаларын жана аттестациясын контролдойт;
2) окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңеши - илимий жана илимий-педагогикалык ишти жүргүзүү чөйрөсүндө кабыл алынуучу чечимдердин коллегиялуулугун камсыздоочу илимий уюмдардын/жождордун коомдук-кесиптик башкаруу органы.
2-глава. Докторантура
11. Докторантура - илимий изилдөөлөрдүн жаңы багыты боюнча илимий-изилдөө иштерин уюштуруу же илимий изилдөөлөрдүн учурдагы актуалдуу багыттарын концептуалдуу өнүктүрүү, илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алууга жеке илимий-квалификациялык ишти (диссертацияны) даярдоого мүмкүндүк берүүчү илимий иштин натыйжаларын аналитикалык жалпылоо компетенцияларына ээ болгон илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо формасы.
12. Докторантурага илимдин кандидаты жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасы бар адамдар кабыл алынат.
Докторантурада даярдоо 4 жылдан кем эмес мөөнөттү түзөт.
13. Докторантурага кабыл алуу жөнүндө арыз илимий уюмдун/жождун жетекчисинин атына берилет, ага төмөнкү документтер тиркелет:
1) илимдин кандидаты же философия доктору (PhD/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруу жөнүндө дипломдун көчүрмөсү;
2) паспорттун көчүрмөсү (жарандыгы бар адамдар);
3) резюме/кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча;
4) докторлук изилдөө планы;
5) жарыяланган илимий эмгектердин, ойлоп табуулардын жана патенттердин тизмеси;
6) илимий жетекчинин/консультанттын болжолдонгон тема жана изилдөө чөйрөсү менен макулдук каты (болсо).
Паспортту жана түп нускадагы дипломду докторант жеке өзү көрсөтөт.
14. Докторантурага кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлөт.
Илимий уюмдун/жождун окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңеши илимий кызматкерлердин адистиктеринин номенклатурасына ылайык илимий адистиктер боюнча докторантурага конкурстук кабыл алуу жөнүндө жарыялайт. Илимий уюм/жож жетекчинин буйругу менен конкурстук комиссияны түзөт, анын курамына илимий иштер боюнча проректор жана жетектөөчү окумуштуулар кирет. Документтерди берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин конкурстук тандоонун бардык катышуучуларынын документтери комиссиянын кароосуна берилет.
15. Кабыл алууда негизги критерийлер төмөнкүлөр болуп саналат:
1) илимий изилдөөнүн илимий уюмдун/жождун тармагына шайкештиги;
2) илимий уюмда/жождо диссертациянын берилген планына ылайык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтык жана материалдык-техникалык ресурстардын болушу;
3) талапкердин илимий жетишкендиктеринин болушу (илимий жана жарыялоо активдүүлүгү).
16. Берилген документтердин жогоруда көрсөтүлгөн критерийлерге шайкештигин кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алуу комиссиясы ар бир талапкер боюнча өзүнчө корутунду берет. Докторантурага кабыл алуу же баш тартуу жөнүндө чечим тапшырып жаткан адамга беш күндүк мөөнөттө, бирок окуу башталганга чейин 2 жумадан кечиктирилбестен билдирилет. Кабыл алуу комиссиясынын чечими протокол менен таризделет.
17. Кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алуу комиссиясынын протоколунун негизинде кабыл алынат.
18. Диссертациянын темасын тандоодо Кыргыз Республикасында илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бекитилген тизмегине шайкеш келген изилдөөлөргө артыкчылык берилет.
19. Илимий кадрларды даярдоону тейлеген түзүмдүк бөлүм теманы, жеке окуу планын бекитүү жөнүндө буйрук чыгарат, андан ары докторант илимий кадрларды аттестациялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтындагы өзүнүн жеке кабинетине жүктөйт.
20. Докторантурага кабыл алуу илимий уюмдун/жождун жетекчисинин буйругу менен жүргүзүлөт.
21. Докторантурага кабыл алынган адамдар окуудан бош мезгилинде кошумча илимий жана педагогикалык иш менен алектенүүгө укуктуу.
22. Докторантура изилдөөнүн жыйынтыктарын докторлук диссертация түрүндө тариздөө менен аяктайт.
23. Докторант изилдөө ишин өз алдынча же илимий консультанттын - илимдин докторунун жетекчилигинде аткара алат. Илимий консультанттар катары башка илимий уюмдардын жетектөөчү окумуштуулары жана адистери тартылышы мүмкүн.
24. Докторант илимий уюмдардын/жождордун лабораторияларын, кабинеттерин, илимий китепканаларын, эксперименттик түзүлүштөрүн, ошондой эле окуу, илимий, дарылоо жана башка бөлүмдөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн алардын уставдарында аныкталган тартипте акысыз пайдаланат.
25. Докторант жыл сайын окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинде жасаган иштери жөнүндө отчет берет.
26. Жеке планды аткарбаган докторант илимий уюмдун/жождун жетекчисинин буйругу менен докторантурадан чыгарылат.
27. Окуу мөөнөтү аяктаганга чейин докторантурадан чыгарылган докторант жеке планды окуудан чыгарууда жеткиликсиз көлөмдө аткарган учурда окуунун калган мөөнөтүнө калыбына келтирилет.
28. Докторлук диссертацияны аяктоо үчүн чыгармачылык өргүү, ошондой эле докторантуранын мөөнөтү аяктагандан кийин кошумча убакыт берилбейт.