КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХХVIII
чакырылышынын 2-сессиясы
“16” 04 2024-жыл № 07
“Жайыт комитетинин 2024-жылга жайыт акысын жана мал багуу
боюнча бааларын бекит жөнүндө”
Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн коомдук угууда малчылардын жана тургундардын жайыт акысы жана мал багуу боюнча бааларды бекитүүдө ой-пикирлерин карап чыгып, талкуулап, жергиликтүү кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Малчылардын 2024-жылга жайыт акысына төлөнүүчү акысы төмөндөгүдөй бекитилсин.
а) Уй багууга жайыт пайдалангандыгы үчүн -70 сом
б) Жылкы багууга жайыт пайдалангандыгы үчүн -70 сом
в) Кой, эчки багууга жайыт пайдалангандыгы үчүн -14 сом
г) Бадага жайыт пайдалангандыгы үчүн -70 сом
2.Малчылардын 1 айга элден алынуучу эмгек акысы төмөндөгүдөй бекитилсин.
а) Уй баккан акы үчүн -500 сом
б) Жылкы баккан акы үчүн -500 сом
в) Кой, эчки баккан акы үчүн -100 сом
г) Элдин уйларын баккан бадага -500 сом
3.Малчылар 2024-жылдын 1-апрель айынан баштап жакынкы жайлоолорго көчүрүлсүн. Кашарларда асыл тукум, уй, жылкы, кой, эчки алып келишкен элдер малдарын кашарлардан чыгарбастан тоюттарын ордунан берүү жагы эскертилсин. Кой, эчкилер купкага салынгандан кийин алыскы Сырт өрөөнүнө 15-июль айына чейин көчүрүлсүн.
4.Токтомдун 3-бөлүмүнүн талаптарын аткарбаган КР жарандарына КР “Бузуулар жөнүндөгү Кодексине ылайык айып пул салуу жана алар боюнча иш алып баруу жагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн алдындагы бузуулар комиссиясынан суралсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар комитетинин төрагасы М. Маданбековго тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева