Редакцияот 04.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН

ТОКТОМУ

2024-жылдын 4-июлу № 366

2024-2025-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмегин жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө

 

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2024-2025-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуу көлөмү тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

1) Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдары боюнча 2024-2025-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттары боюнча кабыл алуу планын бекитсин;

2) 2024-жылдын 30-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине республиканын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында мамлекеттик билим берүү гранттарын жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө жыйынды отчетту берсин.

3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору 2024-2025-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларга чыгымдарды тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

 

2024-2025-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистиктердин тизмеги жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына билим алуучуларды кабыл алуунун КӨЛӨМҮ

Тармагы

Коду

Адистик

Гранттардын саны

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

405

Саламаттык сактоо

560001

Дарылоо иши (адис)

210

560003

Медициналык-профилактикалык иш (адис)

50

560002

Педиатрия (адис)

100

560200

Медайым иши (бакалавр)

20

Компьютердик

Экспер.

Медициналык инженерия (бакалавр)

25

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

130

 

532200

Укук коргоо иши

130

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

125

 

770100

Командалык тактикалык мотоаткыч аскери (бакалавр)

50

 

770200

Чек ара иши (бакалавр)

50

 

770300

Жарандык коргонуунун командалык тактикалык аскери

25

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

206

Маданият жана искусство

570014

Актердук искусство (адис)

15

570009

Вокалдык искусство (вокалдык искусствонун түрлөрү боюнча) (адис)

20

570010

Дирижёрлук (аткаруучу жамааттардын түрлөрү боюнча) (адис)

5

570013

Үн режиссурасы (адис)

4

570008

Аспаптык аткаруучулук (аспаптардын түрлөрү боюнча) (адис)

44

570005

Кино таануу (адис)

2

570006

Кинооператордук (адис)

10

570011

Композиция (адис)

2

570027

Адабий чыгармачылык (адис)

2

570012

Музыкалык эстрада искусствосу (түрлөрү боюнча) (адис)

7

570004

Музыка таануу (адис)

2

570019

Хореография педагогикасы (адис)

3

570015

Режиссура (колдонуу тармактары багыттары боюнча) (адис)

20

570018

Хореография режиссурасы (адис)

3

570029

Социалдык-маданий иш (адис)

55

570002

Театр таануу (адис)

2

Педагогика

550600

Көркөм өнөр боюнча билим берүү (бакалавр)

10

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

20

 

580200

Экономика (магистр)

2

 

530800

Эл аралык мамилелер (магистр)

14

 

535000

Юриспруденция (магистр)

4

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

7917

Кен казуу иши

620100

Геодезия жана аралыктан байкаштыруу (бакалавр)

38

620100

Геодезия жана аралыктан байкаштыруу (магистр)

15

630003

Кен казуу иши (адис)

58

650200

Металлургия (бакалавр)

15

650200

Металлургия (магистр)

5

630400

Мунайгаз иши (бакалавр)

15

630400

Мунайгаз иши (магистр)

5

620001

Колдонмо геодезия (адис)

20

630100

Колдонмо геология (магистр)

5

630001

Колдонмо геология (адис)

31

630002

Геологиялык чалгындоо технологиясы (адис)

15

630004

Кен казуу жана мунайгаз өндүрүшүнүн физикалык процесстери (адис)

10

 

 

232

Гуманитардык адистиктер

Экспер.

Архив таануу (бакалавр)

15

570600

Китепкана таануу жана документ жүргүзүү (бакалавр)

18

571200

Музеология жана маданий жана табигый мурас объекттерин коргоо (бакалавр)

10

530200

Политология (бакалавр)

25

530300

Психология (бакалавр)

20

531500

Аймак таануу (бакалавр)

10

531400

Дин таануу (бакалавр)

35

531400

Дин таануу (магистр)

6

540200

Социалдык иш (бакалавр)

63

540100

Социология (бакалавр)

25

530100

Философия (бакалавр)

10

580200

Экономика (бакалавр)

5

 

 

242

Медициналык адистиктер

560001

Дарылоо иши (адис)

64

560002

Педиатрия (адис)

15

560003

Медициналык-профилактикалык иш (адис)

23

 

 

102

Компьютердик

580500

Бизнес информатика (бакалавр)

155

710500

Интернет технологиялар жана башкаруу (бакалавр)

150

710500

Интернет технологиялар жана башкаруу (магистр)

15

690300

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары (бакалавр)

178

690300

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары (магистр)

25

экспер.

Саламаттык сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия (бакалавр)

50

710100

Информатика жана эсептөө техникасы (бакалавр)

430

710100

Информатика жана эсептөө техникасы (магистр)

10

590100

Маалыматтык коопсуздук (бакалавр)

190

590100

Маалыматтык коопсуздук (магистр)

20

710200

Маалыматтык системалар жана технологиялар (бакалавр)

446

710200

Маалыматтык системалар жана технологиялар (магистр)

36

510300

Маалыматтык технологиялар (бакалавр)

25

531200

Компьютердик лингвистика (бакалавр)

75

531200

Компьютердик лингвистика (магистр)

10

510700

Маалыматтык системаларды математикалык камсыздоо жана администрациялоо (бакалавр)

25

700500

Мехатроника жана робототехника (бакалавр)

125

700500

Мехатроника жана робототехника (магистр)

10

710300

Колдонмо информатика (бакалавр)

410

710300

Колдонмо информатика (магистр)

35

510200

Колдонмо математика жана информатика (бакалавр)

445

510200

Колдонмо математика жана информатика (магистр)

35

710400

Программалык инженерия (бакалавр)

330

710400

Программалык инженерия (магистр)

10

690200

Радиотехника (бакалавр)

50

690200

Радиотехника (магистр)

10

Экспер.

Компьютердик оюндарды иштеп чыгуу (бакалавр)

50

690600

Телематика (бакалавр)

50

700200

Техникалык системалардагы башкаруу (бакалавр)

50

700200

Техникалык системалардагы башкаруу (магистр)

10

510600

Фундаменталдык информатика жана маалыматтык технологиялар

25

690100

Электроника жана наноэлектроника (бакалавр)

90

690100

Электроника жана наноэлектроника (магистр)

10

640200

Электр энергетика жана электр техникасы (IT профили) (бакалавр)

285

640200

Электр энергетика жана электр техникасы (магистр)

5

 

 

3875

Маданият

570025

Графика (адис)

10

570022

Декоративдик-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк (адис)

10

570020

Дизайн (адис)

10

570024

Живопись (адис)

10

570021

Интерьерлер жана жабдуулар (адис)

10

570026

Скульптура (адис)

10

 

 

60

Педагогикалык адистиктер

550001

Кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелериндеги мамлекеттик тил (адис)

20

550100

Табигый-илимий билим берүү (бакалавр)

220

550100

Табигый-илимий билим берүү (магистр)

5

550700

Педагогика (бакалавр)

345

550700

Педагогика (магистр)

45

550800

Кесиптик окутуу (бакалавр)

33

550800

Кесиптик окутуу (магистр)

8

550400

Социалдык-экономикалык билим берүү (бакалавр)

138

550500

Технологиялык билим берүү (бакалавр)

25

550200

Физика-математикалык билим берүү (бакалавр)

343

550200

Физика-математикалык билим берүү (магистр)

9

532000

Дене тарбия (бакалавр)

228

532000

Дене тарбия (магистр)

10

550300

Филологиялык билим берүү (бакалавр)

475

550300

Филологиялык билим берүү (магистр)

25

550600

Көркөм өнөр боюнча билим берүү (бакалавр)

75

 

 

2004

Өнөр жай

680200

Биотехникалык системалар жана технологиялар (бакалавр)

15

570400

Дизайн (бакалавр)

5

570700

Костюм жана текстиль искусствосу (бакалавр)

37

580600

Логистика (бакалавр)

36

580600

Логистика (магистр)

5

650100

Материал таануу жана материалдардын технологиясы (бакалавр)

17

650300

Машина куруу (бакалавр)

10

650300

Машина куруу (магистр)

3

650500

Колдонмо механика (бакалавр)

10

650500

Колдонмо механика (магистр)

4

700600

Стандартташтыруу жана метрология (тармактар боюнча) (бакалавр)

19

700600

Стандартташтыруу, сертификациялоо жана метрология (магистр)

5

700800

Техникалык физика (бакалавр)

15

700800

Техникалык физика (магистр)

5

650400

Технологиялык машиналар жана жабдуулар (бакалавр)

12

650400

Технологиялык машиналар жана жабдуулар (магистр)

4

740700

Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо (бакалавр)

14

740700

Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо (магистр)

3

740200

Жаныбарлардан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (бакалавр)

15

740200

Жаныбарлардан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (магистр)

3

740100

Өсүмдүк сырьёсунан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (бакалавр)

15

740100

Өсүмдүк сырьёсунан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүү (магистр)

4

740600

Полиграфиялык жана таңгактоо өндүрүшүнүн технологиясы (бакалавр)

14

740300

Продукциянын технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу (бакалавр)

23

740300

Продукциянын технологиясы жана коомдук тамактанууну уюштуруу (магистр)

4

760300

Техночөйрөлүк коопсуздук (бакалавр)

18

760300

Техночөйрөлүк коопсуздук (магистр)

5

720100

Химиялык технология (бакалавр)

25

720100

Химиялык технология (магистр)

5

 

 

350

Айыл чарба

610300

Агроинженерия (бакалавр)

54

610300

Агроинженерия (магистратура)

5

610200

Агрономия (бакалавр)

47

610200

Агрономия (магистратура)

5

720200

Биотехнология (бакалавр)

35

720200

Биотехнология (магистр)

10

520900

Биоэкология (бакалавр)

15

520900

Биоэкология (магистр)

5

610001

Ветеринария (адис)

98

620200

Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар (бакалавр)

15

620200

Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар (магистр)

5

610400

Зоотехния (бакалавр)

15

610400

Зоотехния (магистр)

3

730100

Токой иши жана ландшафттык курулуш (бакалавр)

25

730100

Токой иши жана ландшафттык курулуш (магистр)

5

760100

Жаратылышты көрктөндүрүү жана суу пайдалануу (бакалавр)

40

760100

Жаратылышты көрктөндүрүү жана суу пайдалануу (магистр)

10

610800

Балык өстүрүү жана аквакультура (бакалавр)

10

610600

Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы (бакалавр)

38

610600

Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы (магистр)

5

 

 

445

Курулуш

750100

Архитектура (бакалавр)

25

750100

Архитектура (магистр)

5

750600

Гидротехникалык курулуш (бакалавр)

13

750500

Гидротехникалык курулуш (магистр)

5

750400

Шаар куруу (бакалавр)

17

750400

Шаар куруу (магистр)

5

750200

Архитектуралык чөйрөнүн дизайны (бакалавр)

12

750300

Архитектуралык мурасты реставрациялоо жана реконструкциялоо (бакалавр)

14

750500

Курулуш (бакалавр)

175

750500

Курулуш (магистр)

30

750002

Темир жолдорду, көпүрөлөрдү жана транспорттук тоннелдерди куруу (адис)

10

 

 

311

Транспорт

670100

Жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер (бакалавр)

10

670100

Жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер (магистр)

5

670300

Транспорттук процесстердин технологиясы (бакалавр)

60

670300

Транспорттук процесстердин технологиясы (магистр)

5

670200

Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо (бакалавр)

25

670200

Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо (магистр)

5

 

 

110

Туризм

600300

Мейманкана иши (бакалавр)

5

600100

Сервис (бакалавр)

5

600200

Туризм (бакалавр)

27

 

 

37

Башкаруу

580900

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу (магистр)

80

 

 

80

Экология

520600

Гидрометереология (бакалавр)

10

520800

Экология жана жаратылышты пайдалануу (бакалавр)

44

 

 

54

Энергетика

640100

Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы (бакалавр)

10

640100

Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы (магистр)

5

Бардыгы:

 

 

15

Жогорку окуу жайларга кабыл алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеңилдиктерди пайдалануучу адамдарга берилүүчү гранттар:

 

2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алган абитуриенттерди конкурстан сырткары кабыл алуу үчүн гранттардын саны

50

төмөнкүлөрдү кабыл алуу үчүн гранттардын саны: I, II топтогу майыптардын ичинен жарандарды, жеңилдиктери жана кепилдиктери боюнча согуштун катышуучуларына, майыптарына, бала кезинен майыптарга теңештирилген адамдарды, майып балдарды, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды(*)

500

2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы окуяларда, 2010-жылдагы апрель-июнь окуяларында курман болгон адамдардын балдары үчүн жана кайрылман статусуна ээ болгон адамдар үчүн гранттардын саны

22

чет өлкөлөрдө жашаган этностук кыргыздар үчүн гранттардын саны

75

Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн гранттардын саны; Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын аткаруу үчүн гранттардын саны

550

Жыйынтыгы:

10000