ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 24-январы №72/XIX-28
Люксембург айыл аймагында көрктөндүрүүнү, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын 5-пунктун аткаруу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 16-ноябырындагы №262 «Айыл аймактарынын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүү жөнүндө» буйругун жетекчиликке алып, маселени карап жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айыл аймагында көрктөндүрүүнү, тазалыкты жана тартипти сактоо Эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин .
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер, турак жай жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Р. Шайлдабеков |